Стипендия

Фридрих Эберт Фондунун Стипендиялык программасы

Жаш таланттарды колдоо ФЭСтин негиздөөчү принциптеринин бири болгон. Биринчи стипендиялар Веймар Республикасынын жаш демократиясына активдүү катышкан жумушчу тап чөйрөсүндөгү өзгөчө таланттуу жаштарга ыйгарылган.

Демек, ФЭС үчүн тандоо процессиндеги маанилүү ролду абитуриенттердин окуудагы жетишкендиктери эле эмес, ошондой эле алардын коомдук жана саясий катышуулары жана жеке мамилелери дагы ойнойт.

Кимдер тапшыра алышат?

FES мамлекеттик же мамлекет тастыктаган университеттердин жана политехникалык колледждердин студенттерин колдойт жана бардык академиялык предметтер, аспирантура программалары жарайт. Стипендия программасына немис эмес студенттери да кайрылса болот, бирок арыз учурунда алар Германияда окуусу абзел.

Арыз берүү процесси жана ким менен байланышуу керектиги жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, FES Scholarship бөлүмүнүн веб-сайтына кириңиз.

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852