Friedrich-Ebert-Stiftung

Фридрих-Эберт Фонду (ФЭС) – социалдык демократия фонду!

Биз жөнүндө

Фридрих Эберт Фонду (FES/ФЭС) 1925-жылы негизделгенден тартып, социал-демократия идеяларын бекем туткан, Германиядагы эң алгачкы саясий фонду болуп саналат. Фонддун түптөлүшүнө жана миссиясына, Германиянын демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти, Фридрих Эберттин, саясий мурасы милдеттүү.

Биздин саясий фонддун иши – социал-демократиянын негизги идеяларына жана баалуулуктарына – эркиндикке, адилеттикке жана тилектештикке багытталган. Бул бизди социал-демократия жана эркин соода бирикмелери менен байланыштырат. Коммерциялык эмес уюм катары биз ар кандай жеке жана мамлекеттик мекемелерден көз карандысыз, өз алдынча иш алып барабыз.

Биздин максаттар

Төмөндөгүлөрдү түзгөнгө көмөк көрсөтөбүз

  • тегине, жынысына жана динине карабастан бардык жарандарга саясий, экономикалык, социалдык жана маданий деңгээлде катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган,  биримдүүлүк баалуулуктарына негизделген эркин коомду; 
  • жандуу жана күчтүү демократияны; бардыгын татыктуу жумуш менен камсыздоо жана туруктуу экономикалык өнүгүү;
  • татыктуу билим берип, саламаттыкты сактоо менен камсыздоону жакшыртуу; жана ошондой эле, жакырчылык менен күрөшүп, өз жарандарын ар кандай кырдаалдардан коргогон бакубат мамлекетти;
  • Европадагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтык жана социалдык прогресс үчүн жооптуу өлкөнү.

Биз эмне кылабыз

Социалдык демократияны колдоо жана чыңдоо, атап айтканда:

  • Жарандык коомду чыңдоо максатында саясий билим берүү боюнча иш-чараларды алып баруу. Германиядагы саясий билим берүү программаларыбыз жарандарды саясий, профсоюздук жана жарандык чөйрөлөргө ийгиликтүү катышууга түрткү берип, мүмкүнчүлүк жаратып, маалымат таратып даярдайт.
  • Аналитикалык борборлор: Биз экономикалык, социалдык жана билим берүү саясаттарынын негизги маселелери боюнча, ошондой эле демократияны алга жылдыруучу негизги маселелер боюнча стратегияларды иштеп чыгабыз. Аналитикалык борборлор, академиялык жана саясий ишкерлердин кызыкчылыктары  кесилишкен тармактарда, биз улуттук, европалык жана дүйнөлүк деңгээлде адилеттүү жана туруктуу экономикалык жана социалдык түзүлүш үчүн коомдук дискурс жаратабыз.
  • Эл аралык кызматташтык: 100дөн ашык өлкөлөрдө биздин эл аралык офистерибиз жайгашып, тынчтык кызматташтык жана адам укуктары боюнча саясаттарды колдоп келебиз. Демократиялык, социалдык жана конституциялык түзүлүштөрдү орнотууга жана бекемдөөгө көмөктөшүү менен бирге эркин профсоюздар менен күчтүү жарандык коомдун алгачкылары болуп келебиз. Биз европалык интеграция процессинде социалдык, демократиялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү Европаны өнүктүрүүгө активдүү катышып жатабыз.
  • Таланттуу жаштар үчүн стипендия программалары, тактап айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн же мигрант үй-бүлөлөрүнөн чыккан студенттерди жана докторанттарды колдоо. Бул биздин билим берүүдөгү демократияны жогорулатууга кошкон салымыбыз.
  • Социалдык демократиянын жамааттык эс тутуму: Биздин архив, китепкана жана заманбап тарых долбоорлорубуз социал-демократиянын жана профсоюздардын тарыхый таржымалын сактап, коомдук-саясий жана тарыхый изилдөөлөргө колдоо көрсөтүү.

FES жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн немис тилиндеги веб-сайтына кириңиз  

Фридрих Эберт (1871-1925)

Фридрих Эберт 1919-жылдан 1925-жылга чейин Веймар Республикасынын биринчи президенти болуп кызмат өтөгөн. Ал парламенттик демократияны өнүктүрүүнү жактап, өзүн бардык немистердин президенти катары эсептеп, социалдык тең салмактуулукка жана компромисске багытталган саясатты жактаган. Ал керээзинде, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатында кайрымдуулуктан түшкөн каражатты фонд түзүүгө жумшоону белгилеген. Ошондон баштап ФЭСтин негизги кызыкчылыгы билим берүү тармагындагы кызматкерлерди басмырлоого каршы иш алып баруу болуп калган. www.friedrich-ebert.de

Фридрих Эберт Берлин Фонду

Hiroshimastraße 17 and 28
D-10785 Berlin

+49 (0)30 269356
+49 (0)30 26935-9244

www.fes.de

Фридрих Эберт Бонн Фонду

Godesberger Allee 149
D-53175 Bonn

+49 (0)228 883-0
+49 (0)228 883-9207

 

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852