24.11.2021

Эмгек укуктары кербени 2021

Эмгек укуктарынын кербени сентябрдан ноябрга чейин Кыргызстандын 4 шаарында – Баткен, Ош, Каракол жана Нарында болуп өттү. Кыргызстандагы Фридрих Эберт фонду бул долбоорду үч жылдан бери ишке ашырууда.

Эмгек укуктарынын кербени сентябрдан ноябрга чейин Кыргызстандын 4 шаарында – Баткен, Ош, Каракол жана Нарында болуп өттү. Кыргызстандагы Фридрих Эберт фонду бул долбоорду үч жылдан бери ишке ашырууда.

Долбоордун негизги максаты жаштардын жана профсоюз мүчөлөрүнүн эмгек укуктарын коргоо, эл аралык укуктук стандарттарды туура колдонуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча билимдерин жогорулатуу болгон.

“Эмгек укуктарынын кербени-2021” онлайн жана оффлайн режиминде өтүп, Куруучулар профсоюзунун республикалык комитети жана ПСМ жана Эмгек демилгелерин колдоо фонду менен биргеликте уюштурулган. 4 шаарда өткөн семинарларга 140 активист жана профсоюздун мүчөлөрү катышып, эл аралык эмгек стандарттары, татыктуу эмгек жана эмгек талаш-тартыштарын чечүү боюнча көбүрөөк маалымат алышты.

 

Окутуу курстары негизги профсоюздардын ортосундагы байланышты колдоо жана Кыргызстандын профсоюздук кыймылына мүчөлүктүн санын көбөйтүү аркылуу профсоюздук кыймылдын имиджин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Эмгекчилердин укуктарын илгерилетүү жарандык эркиндиктерди колдоонун жана чыңдоонун ажырагыс бөлүгү. Окуу курстарынан тышкары, эмгек укуктары жана эмгек стандарттары тууралуу маалыматты ар бир жумушчуга жеткиликтүү кылуу үчүн биздин фонддун Youtube каналына эмгек укуктары боюнча 10 анимациялык видео жүктөлдү.

Сиз бул жерден бир катар анимацияланган видеолорду көрө аласыз:

 

 

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852

News & Activities