Кыргызстандагы формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу боюнча саясий сунуштамалар

Фридрих Эберт фонду өлкөдөгү формалдуу эмес иш менен камсыз калуу боюнча саясий сунуштамалар менен тааныштырды.

Айжан Бишкек менен Кант шаарларынын ортосунда жайгашкан Лебединовка шаарчасындагы тигүү фабрикасында бычмачы болуп иштейт. Кыргызстандын жарандарынын 71,8%ы сыяктуу эле, ал тигүү өнөр жайында да, курулушта да кеңири таралган формалдуу эмес сектордо иштейт: Курулуш жана тигүү өнөр жай кызматкерлеринин 62%ы (N=800) расмий эмгек келишими жок экенин айтышкан.

Формалдуу эмес экономика боюнча изилдөөнүн экинчи бөлүгүн, "Кыргызстандын курулуш жана тигүү өнөр жай тармактарындагы формалдуу эмес эмгек мамилелерин талдоо" талкуулоо үчүн уюштурулган тегерек үстөл учурунда Фридрих Эберт фонду өлкөдөгү формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу жаатындагы саясат боюнча сунуштамалар менен тааныштырды.

2022-жылдын 10-мартында өткөрүлгөн тегерек үстөл мамлекеттик кызматкерлерге, кесиптик бирликтер ишмерлерине, ишкерлер чөйрөсүнө, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарга, көз карандысыз эксперттерге FES’тин саясий сунуштамалары боюнча көз караштары менен гана бөлүшпөстөн, эмгек секторундагы формалдуу эмес эмгек мамилелерине  тиешелүү маселелерди талкуулоого да мүмкүнчүлүк берди.

Кыргызстанда формалдуу эмес экономика акыркы 30 жылдан бери туруктуу экономикалык көрүнүш болуп саналат, анткени ал улуттук экономиканын 50%ын түзөт. Формалдуу эмес экономика формалдуу эмес эмгек рыногу менен тыгыз байланышта, ал өлкөдөгү иш менен камсыздоонун жалпы көлөмүнүн 71,8%ын камтыйт.

2021-жылы FES формалдуу эмес экономика боюнча эки изилдөөнү тапшырган, алардын экөө тең Борбор Азия университетинин мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун улук илимий кызматкери, доктор Канат Тилекеев тарабынан жүргүзүлгөн.

"Кыргызстандагы формалдуу эмес экономиканы талдоо" аттуу биринчи изилдөөнүн максаты кызматкерлер үчүн социалдык адилеттүүлүктү жана өлкөнүн туруктуулугун жогорулатуу болсо, "Кыргызстандын курулуш жана тигүү өнөр жай тармактарындагы формалдуу эмес эмгек мамилелерин талдоо" аттуу экинчи изилдөө эмгекти коргоону жана туруктуу экономикалык өсүштү жакшыртуу үчүн жумушчу күчүнүн формалдуу эмес эмгек мамилелерин аныктоого багытталган.

Жалпысынан, изилдөөлөр формалдуу эмес экономиканын ар кандай чөйрөлөргө тийгизген таасирин талдап, аны жумушчулардын укуктары, социалдык камсыздоо, салык салуу системасы, экономикалык өнүгүү жана башка ушул сыяктуу ар кандай аспектилер менен байланыштырган.

FES’тин саясий сунуштамалары ушул изилдөөлөрдүн натыйжаларына негизделген. Алардын айрымдары төмөндөгүдөй:

  • Эмгек укуктары жөнүндө жалпы маалымдуулукту жогорулата турган кесиптик бирликтердин ролун жана аларды колдоону жогорулатуу, мониторингди уюштуруу жана эмгекти коргоону жарым-жартылай көзөмөлдөө, бизнес менен жумушчулардын ортосунда позитивдүү диалогду камсыз кылуу.
  • Эмгек кодексинин ченемдерин аткаруу үчүн эмгек инспекциясынын ролун реформалоо.
  • Теңдик принцибин эске алуу менен салык төлөмдөрүн жана социалдык камсыздандырууну адилеттүү жана ачык-айкын реформалоо иштерин жүргүзүү. Кызматкерлерди формалдуу эмес эмгек рыногунан кетүүгө түрткү берүү үчүн атайын маалыматтык программалар зарыл. Ишкерлер үчүн өзүнчө стимул программалары иштелип чыгышы керек. Алынган эмгек акысынын ачыктыгын жогорулатуу үчүн социалдык камсыздоону реформалоо боюнча атайын кампания керек.

Тигүү өнөр жай, курулуш тармактарындагы формалдуу эмес эмгектин, гендердик маселелердин таасири жөнүндө аналитикалык документтерге жетүү үчүн биздин кесиптик бирликтер эксперти Ильяс Сатыбалдиевге (Ilias Satybaldiev) кайрылыңыз.

 

Labor market informality in the construction and garment industries of Kyrgyzstan

Tilekeyev, Kanat

Labor market informality in the construction and garment industries of Kyrgyzstan

Disclosure of labor informality è higher labor protection and sustainable economic growth
Bishkek, 2022

Басылманы жүктөп алыңыз (640 KB, PDF-File)

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852

News & Activities