11.01.2022

Саясий сабаттуулук боюнча видео роликтер

Фридрих Эберт фонду адам укуктарынын жана климаттык адилеттүүлүктүн, гендердик теңчиликтин, социалдык адилеттүүлүктүн жана жакшы башкаруунун күнүмдүк абалын чагылдырган 10 анимациялык видео клиптерди тартуулайт.

Фридрих Эберт Фонду адам укуктары жана климаттык адилеттүүлүк, гендердик теңчилик, социалдык адилеттүүлүк жана ак ниет башкаруу жаатындагы күнүмдүк жагдайларды чагылдырган 10 анимациялык видеоклипти сунуштайт. Бул Долбоор Борбор Азиядагы жана башка мамлекеттердеги жаштардын суроолоруна жооп берүүнү көздөйт.

Youtube видеолорун иштеп чыккан доктор Аня Мир, учурда ЕККУнун Бишкектеги Академиясында адам укуктары жана башкаруу боюнча чакырылган профессор. Видеороликтердин негизги максаты – адилеттүүлүк, теңчилик жана мамлекеттик башкаруу боюнча курч суроолорго жооп берүү. Мисалы, видеолор климаттын өзгөрүшү биздин күнүмдүк ден соолугубузга жана жумушубузга кандай кесепетин тийгизерин, санариптештирүү экономикабызды кантип өзгөртүп жатканын же гендердик теңчилик иштин натыйжалуулугун кантип жакшыртаарын көрсөтөт.

Видеороликтер “Саясий маданият мектебинин” долбоорунун алкагында ФЭС Кыргызстан тарабынан демилгеленген жана каржыланган.

Саясий сабаттуулук боюнча видео роликтерди бул жерден көрө аласыз: Знаете ли вы права человека? - YouTube.

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852

News & Activities