20.05.2021

Медиа сабаттуулук жана журналисттер үчүн саясий билим берүү боюнча тренинг

FES Кыргызстан “Zhamaattyk” медиа жамааты менен өнөктөштүктө эки долбоорду ишке ашырууда. "Медиа сабаттуулук" аттуу биринчи долбоору

Кыргызстандын аймактарындагы журналисттердин медиа сабаттуулугун жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Ал эми "Айыл өкмөтүнүн жарчысы" аттуу экинчи долбоору жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жана айыл калкынын саясий билим деңгээлин жогорулатууда көмөк көрсөтүүгө багытталган.

"Айыл өкмөтүнүн жарчысы" долбоорунун алкагында катышуучулар ар кандай мультимедиялык материалдарды, аудиоподкасттарды, түз алып берүүлөрдү жана мамлекеттик мекемелердин иши тууралуу макалаларды даярдашып, аны жарыялашат.

Катышуучулар жаңы билимге ээ болуусу үчүн журналисттер үчүн эки күндүк окутуу семинарын уюштурдук, ошондой эле өкмөттүн ишин жергиликтүү деңгээлде чагылдыруу жана калк менен натыйжалуу иш алып баруу боюнча бири-бирибиз менен тажрыйба бөлүштүк.

"Медиа сабаттуу бол" долбоорунун катышуучулары - "Жамааттык" борбордук студиясынын журналисттери (kyrgyzmedia.kg) - маалымат жана медиа сабаттуулук темаларында мультимедиялык материалдарды иштеп чыгышууда. Материалдар ачык жарыяланып, бардык аймактардагы коомдук медиа борборлорго таратылууда.

Журналисттер жаңы материалдарды иштеп чыгуу үчүн медиа эксперттер менен тыгыз иштешишип, ошондой эле интернет коопсуздугу жана социалдык тармактардагы гигиена сыяктуу темаларда түз эфирге чыгуу үчүн ар кандай эксперттерди чакырышат.
   
Бардык материалдар социалдык тармактарда активдүү жайылтылып, коомдук медиа борборлордун коммуникациялык каналдары аркылуу өлкөнүн эң алыскы райондоруна жетүүдө. Ошондой эле макалалар “Жамааттык” медиатекасынын сайтында кыргыз тилинде жарыяланмакчы.

Биздин фонд жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Кыргызстандын айыл аймактарынын жашоочуларынын ортосундагы диалог түзүүгө гана көмөктөшпөстөн, алардын ЖМКлардын мазмунун сын көз менен талдоого умтулуусун да колдойт.

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852

News & Activities