Демократиялык катышуу жана жарандык активдүүлүк

Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда ар түрдүү жана жандуу жарандык коом пайда болду. Аны колдоо жана илгерилетүү FES Кыргызстандын негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Инклюзивдүү жарандык активдүүлүк ар кандай демократиялык коомдун негизги компоненти болуп саналат. 1993-жылдан тартып FES Кыргызстан өз ишмердигин инклюзивдүү жана компетенттүү жарандык коомду колдоого арнаган. Мунун алкагында жарандык коом уюмдары, мамлекеттик органдар менен диалогду жандандыруу жана алардын компетенцияларын жогорулатуу максатында жандуу кызматташып жатабыз.

Кыргызстандын жарандык коому жандуу жана күчтүү болгон менен, инклюзивдүүлүк механизмдерин жана коммуникация байланыш каналдарын өстүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Жарандык активдүүлүк инструменттер менен жабдылган жана каражаттар менен камсыздалган учурда өз баалуулуктарынын жана муктаждыктарынын компетенттүү чагылдырылышын талап кылат. Жарандык активдүүлүктү жогорулатуунун негизги максаттары – калктын аялуу катмарынын үнүн жогорулатуу жана жамааттарынын коомдук-саясий турмушка активдүү катышуусуна көмөктөшүү.

FES Кыргызстан калктын ар кыл топторунун жарандык активдүүлүк дараметин чыңдоого багытталган бир нече долбоорлорду ишке ашырды. Ишмердигибиздин өзөктүү максатын жаштар түзөт. Алар – өткөөл мезгилде төрөлүү фактысына ширелген түрдүү категориянын өкүлдөрү. Жаштардын кызыкчылыгын коргоо үчүн мүмкүнчүлүктөр жана инструменттер берилишин камсыз кылуу өтө маанилүү. FES Кыргызстан Жаштар академиясы сыяктуу саясий билим берүү демилгелерин илгерилетип, жаш муундун дөөлөттөрү, муктаждыктары жана мамилелери жөнүндө маалымат берүү үчүн изилдөө жүргүзөт. Медиа компетенциясын кеңейтүү жана маалыматты иштетүү барган сайын саясий билим берүү ишинин маанилүү компоненти болуп калары шексиз.

Жаңылыктар жана иш-чаралар

07.06.2023 | Демократиялык катышуу жана жарандык активдүүлүк | Жаңылыктар

31-майда Кыргызстанда Фридрих Эберт Фондунун 30 жылдыгына арналган “Немис-кыргыз перспективалары: Трансформациядан Зейтенвендеге чейин” аттуу…


Дагы

| Демократиялык катышуу жана жарандык активдүүлүк | Окуялар

| Демократиялык катышуу жана жарандык активдүүлүк | Басылмалар

Кыргызстандын жаштары-калктын басымдуу бөлүгү жана мамлекеттин адам капиталын өнүктүрүү программаларынын негизги катышуучусу болгон ар түрдүү жана…


Дагы

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852

Басылмалар