Кыргыз Республикасынын географиялык жактан алган орду жана тарыхый өзөгү тышкы саясатта чоң кыйынчылык жаратат.
Азия менен Европанын ортосундагы географиялык жактан алган ордунан улам Борбордук Азия аймагы ар дайым өзгөчө ролду ойноп келген. Бул жерде Орусия, Кытай жана Европанын кызыкчылыктары менен таасири тогошот, алар буга чейин нечен ирет Борбордук Азияны геосаясий себептүү бийлик күрөшүнүн чөйрөсүнө айландырган. Кыргызстан да өзүнө алган көп векторлуу тышкы саясат бул өзгөчө чакырыкты чагылдырат, бирок ушул кезге чейин бул мамилени калыптандыруу боюнча так көз карандысыз стратегия байкала элек.
2016-жылдан бери Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө багытында бул чөлкөмдө оң жылыштар болду. Табигый ресурстарды бөлүштүрүү, климаттын өзгөрүш таасири, өнүкпөгөн инфраструктура, терроризм жана өлкөлөр ортосундагы такталбаган чек аралар сыяктуу учурдагы кооптуулуктар чыр-чатактарга өбөлгө түзөт. Борбордук Азия өлкөлөрү кызматташтыкка негизделген тышкы саясатта гана биргелешкен өнүгүүгө жетише алышат.
Тынчтык менен коопсуздук өлкөнүн жана бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн пайдубалы болуп саналат. FES Кыргызстан аналитикалык борборлор, мамлекеттик мекемелер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте дипломатияга, ишенимге жана кызматташтыкка негизделген тышкы саясатка багытталган аракеттерди колдойт. Эл аралык диалог форматтарынын алкагында, FES жалпы чакырыктарга жалпы чечимдерди табуу үчүн түрдүү кызыкдар тараптардын башын бириктирет. Илимий изилдөөлөр жана сурамжылоолор менен тынчтыкка жана коопсуздукка багытталган тышкы саясатты стратегиялык өнүктүрүү боюнча идеяларды сунуштайбыз.