Борбордук Азияга болгон божомолдоо
Изилдөө Борбордук Азиядагы (БА) алдыдагы тенденцияларды жана БAнын Европадан эмнелерди күтөөрүн изилдейт. Изилдөө аяктагандан кийин, биз БА жана Европа боюнча бир нече онлайн, оффлайн жана гибриддик иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Изилдөө төмөнкү темаларды камтыган пикир сурамжылоонун негизинде жакынкы эки жылда БAдагы саясий жана экономикалык өнүгүүлөрдүн болжолун камсыз кылууга багытталат.
•Ички жана аймактык өнүгүүлөр
•ЕБ-Борбор Азия мамилелери, анын ичинде БAнын Европадан күткөндөрү
•Аймакка таасирин тийгизген глобалдык маселелер
Изилдөө эки этапта ишке ашырылат. Биринчи этапта Борбордук Азиядан, Европадан жана башка региондордон келген 200гө жакын эксперттер сурамжылоодон өтүп, аймакка кызыккан, бирок терең мааниде эксперт эмес үч же андан көп адамды көрсөтүүнү суранышат. Экинчи этапта эксперттер тарабынан сунушталган респонденттер онлайн сурамжылоого катышууга чакырылат.
Советтер Союзунан эгемендүүлүк алгандан бери, Борбордук Азия өлкөлөрү (БА) акыркы 30 жыл ичинде салыштырмалуу туруктуу. Биз азыр анын жаңы, динамикалуу мезгилге өтүүсүнө күбө болуудабыз, анын жаңы өнүгүүлөрү бардык тиешелүү кызыкдар тараптардын, анын ичинде жергиликтүү саясатчылардын, ЖКУлардын жана региондон тышкаркы эксперттердин көбүрөөк көңүл буруусун талап кылат. Бул жаңы аймактык динамика ЕБ тарабынан негизги процесстерге тереңирээк талдоо жүргүзүүнү сунуш кылат. 2019-жылы Евробиримдиктин Комиссиясы тарабынан кабыл алынган Борбордук Азия стратегиясы өзгөчө региондук аналитикалык көз караштарга муктаж.
Аймактын өзү боюнча көптөгөн изилдөөлөр бар болгону менен, аймактагы жана анын Евробиримдик менен болгон мамилелери боюнча тенденциялар жана өнүгүү болжолдору боюнча ишенимдүү талдоо жокко эсе.