Жумушчу жыйын, жыйынтыктоочу изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча: "Кыргызстандыктарды Германияга көчүүсүнүн кырдаалы: туруму, келечеги, жумушка орношуу".
2024-жылдын 18-декабрында Бишкекте "Кыргызстандыктарды Германияга көчүүсүнүн кырдаалы: туруму, келечеги, жумушка орношуу" деген изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштырууга арналган жумушчу жыйын өттү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Торага аппаратынын миграция жана адам сатууга каршы кеңешинин катчылыгы тарабынан, Фридрих Эберт атындагы фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана ОБСЕнин Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган.
Изилдөөнүн максаты – Кыргызстандан Германияга көчүп кеткен жарандардын учурдагы миграция процессин терең анализдөө. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар миграциянын негизги аспекттерин, атап айтканда жумушка орношуу, адаптация маселелери жана Кыргызстандыктардын Германиядагы келечеги тууралуу талкуулашты.
Миграциянын социалдык-экономикалык кесепеттерине, эмгек интеграциясы боюнча көйгөйлөргө жана миграциялык саясатты жакшыртуу менен мигранттарды колдоонун жолдоруна өзгөчө көңүл бурулду. Адистер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү пикир алышып, Кыргызстандыктардын Германиядагы жашоо жана жумушка орношуу шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштар иштеп чыгышты.