09.12.2022

ODARА. Зомбулуксуз шаар

ODARА анкетасы деген эмне? Тобокелдиктерди баалоо - бул белгилүү бир кырдаалда коркунучтун деңгээлин аныктоо жана баалоо процесси.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү маселеси курч бойдон калууда. Тилекке каршы, жыл сайын өлкө боюнча 10 миңге жакын үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталат.

Кыргызстандагы Фридрих Эберт фонду 2020-жылы ODARA анкетасын окутуу жана аны иш жүзүндө колдонуу, ошондой эле зордук-зомбулук жасагандар үчүн коррекциялык программаны өткөрүү боюнча долбоорду алгач Бишкекте, андан кийин Ош облусу жана Ош шаарында сунуштады.

ODARA анкетасы деген эмне? Тобокелдиктерди баалоо - бул белгилүү бир кырдаалда коркунучтун деңгээлин аныктоо жана баалоо процесси. Үй-бүлөлүк мамиледеги зомбулук учурларында мындай зомбулуктун кайталануу жана курчуп кетүү ыктымалдыгы, ошондой эле өлүмгө алып келүүчү кесепеттердин орун алуу мүмкүндүктөрү бааланат. Тобокелдик факторлорун баалоо үчүн системалуу мамиле, ошондой эле тобокелдиктерди баалоонун тиешелүү ыкмалары жана анын куралдары колдонулат. Тобокелдиктерди баалоо үчүн атайын түзүлүп чыккан анкеталарды иш жүзүндө колдоно баштаган өлкөлөрдө рецидивдер жана оор кесепеттерге алып келген үй-бүлөлүк зомбулук учурлары азайган. Анкета мамлекеттик органдарга үй-бүлөлүк зомбулук тобокелдигин аныктоого жана алдын ала аракеттенүүгө мүмкүндүк берерин белгилей кетүү зарыл.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, социалдык кызматкер жана психологдон турган жумушчу топ үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш алып барат жана ушул жылдын сентябрь айында тажрыйба алмашуу үчүн Ландау менен Майнц шаарларына барып келишкен. Белгилей кетсек, бул тажрыйба алмашууга Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты Динара Ашымова да катышып, "үй-бүлөлүк зомбулуктан, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамды демилгелеген.

"Үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип жатып, "ким кол көтөрсө, ал кетет" принцибин киргизип жатабыз. Мурда үч күн болсо, эми азыр зордук - зомбулук жасаган адам жабырлануучуга 30 күн бою жакындабашы керек. Ошондой эле биз бул мыйзамга коррекциялык программаны киргизип жатабыз", - дейт Ашимова.

ODARA долбоорунун алкагында зомбулук жасаган адамдар да коррекциялык программадан өтүшү керек. КП аларга өнөктөшүнө карата агрессиясын билүүгө жардам берет жана агрессивдүү жүрүм-турумду билдирген эскертүүчү белгилерди аныктоо көндүмдөрүнө үйрөтөт. КП мындайча айтканда "коопсуздук планын" иштеп чыгууну үйрөтөт, анын жардамы менен үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды жана талаш-тартыштарды агрессияга алдырбастан чечүү үчүн жаңы көндүмдөрдү жаратууга болот. Программа үй-бүлөдө кандай өнөктөш болуу керек экендигине, экинчисинин жардамын кантип колдонууга болорун жана сезимдериңизди конструктивдүү түрдө көрсөтүүгө үйрөтөт.

2021-жылы жумушчу топ Бишкек шаарынын 400гө жакын милиция кызматкерлери менен социалдык кызматкерлерди окуткан. Бишкекте сегиз психолог коррекциялык программаны жүргүзүү үчүн окуудан өтүп келишти. Жыл ичинде алар, өз кезегинде, 224 зордук-зомбулук көрсөткөндөр үчүн коррекциялык программаны өткөрүштү.

2022-жылы мындай иштер жумушчу топ тарабынан Ош шаарында жана Ош облусунда да жүргүзүлгөн. Ош шаарынан жана Ош облусунан тандалып алынган 16 психолог коррекциялык программаны өткөрүү боюнча окуудан өтүштү, андан кийин 112 адам үчүн алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата жүрүм-турумун өзгөртүү жана жакшыртуу максатында коррекциялык программаларды өткөрүштү.

Белгилей кетүү керек, Кыргызстанда 2017-жылы кабыл алынган үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү мыйзамы - бул постсоветтик мейкиндиктеги эң прогрессивдүү мыйзам. Жабырлануучу гана эмес, күбөлөр дагы зомбулук жөнүндө укук коргоо органдарына билдире алышат, ал эми милиция кызматкерлери, мисалы, күйөөсүнүн аялына жакындоосуна тыюу салууга укуктуу. Көптөгөн жабырлануучулар жана туугандары коркуудан же кысымдан улам милицияга кайрылышпагандыктан, көптөгөн агрессорлор жоопко тартылбай келишет. Көпчүлүк учурлар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат, анда адамга административдик айып салынып, коомдук иштерге 20 сааттан 40 саатка чейин жана 3 суткадан 7 суткага чейин административдик камакка алынат.

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852

News & Activities