Жаңы баcылма: Кыргызстандагы формалдуу эмес экономиканы талдоо

18-июнда Кыргызстандагы Фридрих Эберт фонду "Кыргызстандагы расмий эмес экономиканы түшүнүү"аттуу изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштоо үчүн тегерек стол уюштурду.

18-июнда Кыргызстандагы Фридрих Эберт фонду тегерек үстөл уюштуруп, анда "Кыргызстандагы формалдуу эмес экономиканы талдоо" аттуу кабинеттик изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. Изилдөөнү Борбордук Азия университетинин мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун улук илимий кызматкери Канат Тилекеев жүргүзгөн.

Бул иш-чарага Германия жана Швейцария элчиликтеринин, ILO жана GIZ сыяктуу эл аралык уюмдарынын, куруучулар кесиптик бирлигинин, тоо-кен металлургия өнөр жайынын, КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, КР Соода-өнөр жай палатасынын, эл аралык ишкерлер кеңешинин, JIA ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле экономика жана калкты иш менен камсыз кылуу жаатындагы көз карандысыз эксперттер катышышты.

Изилдөөгө ылайык, формалдуу эмес экономика акыркы жылдары улуттук экономиканын дээрлик 50%ын түзөрү айтылат. Бул өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө терс таасирин тийгизмекчи. Өлкөдөгү жумушчулардын 71,8%ы формалдуу эмес эмгек рыногунда иштешет, экономиканын эң "формалдуу эмес" тармактары соода жана курулуш болуп саналат.

Кабинеттик изилдөө формалдуу эмес экономиканын жогорку үлүшүнөн келип чыккан негизги көйгөйлөрдү ачып берди жана ал формалдуу эмес экономиканын үлүшүн азайтууга, ошондой эле туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык моделдин өнүгүшүн колдоого багытталган саясий сунуштамалары менен тааныштырды.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоого активдүү катышышты, маселенин маанилүүлүгүн белгилешти, формалдуу эмес экономика жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуу боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын айтышышты, ошондой эле фондго сапаттуу изилдөө жүргүзгөндүгү үчүн өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Understanding informal economy in Kyrgyzstan

Tilekeyev, Kanat

Understanding informal economy in Kyrgyzstan

Better social justice for workers, higher sustainability for the country
Bishkek, 2021

Басылманы жүктөп алыңыз (280 KB, PDF-File)

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852

News & Activities