14.10.2022

Вилли Брандт. Кыргыз тилиндеги макалалар жана баяндамалар

Китептин бет ачарынан урунттуу учурлар

Кыргыз Республикасы менен Германиянын кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата жана “Керемет адамдардын жашоосу” китептер сериясынын алкагында  Кыргыз Республикасындагы Фридрих Эберт Фонду Роза Отунбаеванын демилгеси Эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен Вилли Брандттын тандалма баяндамаларын жана макалаларын кыргыз тилинде басып чыгарды.

Китептин максаты - дүйнөлүк саясий адабиятты жайылтуу, окурмандарды көрүнүктүү немис саясатчысы жана социал-демократ Вилли Брандттын жашоосу жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, ошондой эле окурмандардын саясий тажрыйбасын жана лексикасын кеңейтүү.

21-сентябрда Улуттук тарых музейинде китептин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага кыргыз өкмөтүнүн, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, академиялык уюмдардын, өнүктүрүү институттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын ачылышында Германиянын Кыргызстандагы элчиси доктор Габриэла Гуэллил, бул китептин басылып чыгышы, балким, Кыргызстанда иштеп жаткан саясатчыларга жаңы түшүнүктөрдү берерин белгиледи.

Фридрих Эберт фондунун КРдагы өкүлчүлүгүнүн аймактык директору Филипп К.Ян Вилли Брандттын жашоосундагы маанилүү окуяларга токтолуп, бул саясатчынын ар бир чечими тарыхта калганын белгиледи. “Мен Вилли Брандттын ‘Демократияга көбүрөөк батын’ деген билдирүүсү биздин фонд жана башка уюмдар үчүн баалуу колдонмо болгонун белгилегим келет”, - деди Филипп К. Ян.

Өмүрбек Текебаев, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси,  Вилли Брандт партиянын уулу экенин, социал-демократия анын каны менен, жаны менен бекемделгенин белгиледи. "Социалдык демократия атасын да, апасын да алмаштырды. Вилли Брандт партия гана эмес, саясий жана руханий кыймыл экенин, Социал-демократия келечектеги дүйнө үчүн альтернатива экенин көрсөттү", - деди Өмүрбек Текебаев.

Китеп саясат таануучулар, тарыхчылар, докторанттар жана магистранттар үчүн, ошондой эле кеңири аудитория үчүн жазылды/которулду.

  • Китептин котормочусу: Эмилбек Каптагаев, мамлекеттик башкарууда олуттуу тажрыйбасы бар коомдук ишмер
  • Баш сөздүн автору: Роза Отунбаева
  • Мукабанын сүрөтчүсү: Татьяна Зеленская
  • Долбоордун координатору: Ильяс Сатыбалдиев

Китептин бет ачары менен катар “Эркиндик, тынчтык жана элдердин ынтымагы үчүн жашоо” аттуу көргөзмө даярдалып, катышуучулар Брандт болгон 10 тарыхый жерге жана жашоосундагы окуяларга негизделген иллюстрациялар аркылуу анын саясий ой жүгүртүүсү жана чыгармачылыгы менен тааныша алышты.

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852

News & Activities