Социалдык адилеттүүлүк жана инклюзивдик экономикалык өнүгүү

Социалдык адилеттүүлүк - бул инклюзивдик жана туруктуу өнүгүүнүн негизги элементи

Советтер Союзу кулап, көз карандысыздыкка ээ болгондон бери отуз жыл өтсө дагы, Кыргыз Республикасы өз өнүгүү нугун таба элек. Эгемендүү мамлекет статусуна ээ болуп Советтер Союзунун курамынан чыккан башка бир нече өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан да 1990-жылдары экономикалык шокко кабылган, анткени ата мекендик өнөр жай жаңы экономикалык системада атаандаштыкты түзө алган эмес. Азыркы убакытка чейин Кыргызстан анын кесепеттеринен жарым-жартылай гана калыбына келген. Экономиканы индустриялаштыруунун төмөн деңгээли өлкөнүн өзүндө дээрлик эч бир кошумча наркты түзө албай келет.

Бүгүнкү күндө калктын үчтөн бир бөлүгү жакырчылыктын чегинде жашайт, ал эми социалдык камсыздоо системасы калктын аярлуу катмарын жетиштүү деңгээлде камсыз кыла албайт. Эмгек рыногунда формалдуу эмес иш менен камсыз кылынгандардын үлүшү абдан жогору (70 пайыздан ашык), а бул жумушчулардын туруксуз абалына алып келет.

Ички эмгек рыногундагы абал начар болгондуктан, көптөгөн адамдар эмгек миграциясына кетишет. Эмгек мигранттары акча которуулары аркылуу ички дүң өндүрүштүн үчтөн бир бөлүгүнө салым кошушат. Бул өлкөнү тышкы таасирлерге аярлуу кылат, ошондой эле катаал социалдык кесепеттерге алып келет.

Коомдун бардык катмарлары үчүн бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган күчтүү социалдык мамлекетти түзүү социалдык жактан адилеттүү жана туруктуу өнүгүү үчүн абдан маанилүү болуп эсептелинет.

Фридрих Эберт фонду мамлекеттик мекемелердеги, кесиптик бирликтердеги жана жарандык коом катарындагы өнөктөштөрүн Кыргызстандын бардык жарандарынын бакубат жашоосу үчүн шарттарды сунуш кылган туруктуу, социалдык адилеттүү экономикалык моделге карай жолдорду издөөдө колдоо көрсөтөт. Ушул максатта Фридрих Эберт фонду илимий изилдөөлөрдү тапшыруу, потенциалды жогорулатуу программаларын уюштуруу менен биргеликте кызыкдар болгон тараптар үчүн көптөгөн диалогторду түзүүгө салым кошуп келет.

Жаңылыктар жана иш-чаралар

05.12.2025 | Социалдык-экологиялык трансформация, Демократиялык катышуу жана жарандык активдүүлүк, Тынчтык жана коопсуздук, Социалдык адилеттүүлүк жана инклюзивдик экономикалык өнүгүү | Жаңылыктар

2025-жылдын декабрь айынын аягында.


more information

01.09.2025 | Социалдык адилеттүүлүк жана инклюзивдик экономикалык өнүгүү | Басылмалар, Жаңылыктар

Жаңы изилдөө үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн кеңири түшүнүүгө жардам берип, коррекциялык программанын практикалык пайдасын көрсөтөт.


more information

12.03.2025 | Демократиялык катышуу жана жарандык активдүүлүк, Социалдык адилеттүүлүк жана инклюзивдик экономикалык өнүгүү | Окуялар, Жаңылыктар

Ош шаарында орто мектеп окуучулары үчүн эмгек укуктары боюнча ачык сабак өтүп, анда жаш өспүрүмдөрдүн эмгек укуктарына өзгөчө көңүл бурулду.


more information

Басылмалар

Krumm, Reinhard ; Friedrich-Ebert-Stiftung. Büro Bischkek

Central'naja Azija: sobstvennyj vzgljad

= Zentralasien: eine Innenansicht

Download publication


Go to Publication


Meždunarodnyj Institut Strategičeskich Issledovannj (Biškek)

Vodnye problemy Central'noj Azii

Download publication


Go to Publication


Meždunarodnyj Institut Strategičeskich Issledovannj (Biškek)

Water problems of Central Asia

Download publication


Go to Publication


Omarov, M. N. ; Meždunarodnyj Institut Strategičeskich Issledovannj (Biškek)

Problemy bor'by s korrupciej v Kyrgyzstane

Download publication


Go to Publication


Knjazev, Aleksandr A. ; Friedrich-Ebert-Stiftung. Büro Bischkek

Afganistan i bezopasnost' Central'noj Azii / 1 : Afganistan i bezopasnost' Central'noj Azii

Download publication


Go to Publication


Ajtmatov, A. ; Kirgisien. Ministerstvo Inostrannych Del

Kyrgizstan žana Kazakstan: dostuktun žana ynak konšulaštyktyn ček arasy

= Kyrgizstan i Kazachstan: granica družby i dobrososedstvab341

Download publication


Go to Publication