18.12.2022

Орусия Федерациясына каршы экономикалык санкциялардын кыргызстандык эмгек мигранттардын эмгекчи укуктарына тийгизген таасири

Изилдөөнүн негизги жыйынтыктары. Кыргызстандагы жана кабыл алуучу жамааттагы учурдагы миграциялык кырдаалды түшүнүү үчүн "Инсан-Лейлек" коомдук фонду Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун колдоосу менен "Орусия Федерациясына каршы экономикалык санкциялардын кыргызстандык эмгек мигранттардын эмгекчи укуктарына тийгизген таасири" темасында изилдөө жүргүздү.

Эсептөөлөр боюнча, учурда Кыргызстандын 1 миллионго жакын жараны эмгек миграциясында жүрөт. Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө кеткен эмгек мигранттарынын багыты негизинен Россия Федерациясы (800 000ге жакын жаран), Казакстан Республикасы (35 000) жана Түркия (30 000) болуп саналат.

25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин кызматкерлери, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, миграция боюнча эксперттер, эмгек мигранттары жана башкалар катышкан тегерек үстөл уюштурулган.

"Тилекке каршы, биз акча жөнүндө сөз болгон учурда гана мигранттарды эстейбиз, 'эмгек мигранттарынын акча которуулары Кыргызстандын ИДПсынын олуттуу бөлүгүн түзүп, өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу механизми болуп саналат'. Эмгек мигранты деген ким/эмне? Мигрант - бул экономикалыкпы же социалдык көрүнүшпү? КР жараны каалаган жерде, түрдүү шарттарда иштей ала турган киреше алып келүүчү машинабы?" Ушул жана башка маселелерди саясат таануучу Эмил Жороев панелдик жана жалпы талкууда көтөрүп чыкты. Ошондой эле катышуучулар мигранттардын үнүн уга алышты. Гүлкайыр Азизбаева, мигрант, Москва шаары / Жолдошев Кубанычбек, мигрант, Усть-Среднеканск, ОФнын Магадан облусу, миграциялык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

 

Изилдөөнүн негизги жыйынтыктарынын айрымдары

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстандан орус жарандыгын алгандардын саны 19 000ден ашкан. Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча иш алпарган "Инсан-Лейлек" коомдук фонду Орусиянын Украинадагы согуш аракеттери башталгандан кийин кайтып келген мигранттардын саны көбөйгөнүн белгилейт. Бул калктын жалпы аскердик мобилизациясынан улам коркуу менен байланышкан.

Эл аралык санкциялар көптөгөн эмгек чөйрөлөрүнө, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарынын көбү иштеген тармактарга да таасирин тийгизди. Эмгек мигранттарынын маалыматы боюнча, кызмат көрсөтүү чөйрөсү (такси айдоочулары, чабармандар, тазалык кызматы ж.б.) биринчи орунда турат - 28%.

Болжолдуу түрдө, жеткирүү тармагында мигранттардын кирешесинин төмөндөшүнө ресторандардагы азык-түлүк жана тамак-ашка болгон баанын өсүшү себеп болууда. Экономикалык абалдын начарлашына байланыштуу, көптөгөн Орусия жарандары өз чыгымдарын жөнгө салууну чечишкен. Мындан тышкары, эл аралык компаниялардын тез тамактануу тармактарынын жабылышы, мисалы, McDonald's, KFC, ж.б., ошондой эле Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарынын ишин токтотуу тамак-аш жеткирүү базарынын кыйрашына себеп болушу мүмкүн.

Мигранттардын кирешелерине санкциялардын таасири. Эмгек рыногундагы курч кырдаал, албетте, эмгек мигранттарынын айлык кирешесине өз таасирин тийгизбей койгон жок. Эмгек мигранттарынын акча которуулары Кыргызстандын ИДПсынын олуттуу бөлүгүн түзөт жана өлкөдөгү жакырчылыкты жоюунун механизмдеринин бири болуп саналат.

А бирок эмгек мигранттарынын кирешелеринин төмөндөшү, жумушка орношуудагы кыйынчылыктардан жана массалык түрдө жумуштан бошотуулардан улам, акча которуулардын деңгээли кыйла төмөндөдү. Мигранттардын айтымында, бул алардын мекениндеги үй-бүлөлөрүнүн жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизди. Респонденттердин 49%ы үй-бүлөлөрү өз мекенинде каржылык кыйынчылыктарга дуушар боло баштаганын ырасташты.

Бул изилдөө Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, "Инсан-Лейлек" коомдук фонду тарабынан аткарылган.

 

Фридрих-Эберт Фонду

Раззаков көч. 33/1,
Офис 2
720040 Бишкек
Кыргызстан

info.bishkek(at)fes.de

+996 312 663077
+996 312 620016
+996 312 664852

News & Activities